«Энергонатыйжалуулук фондун» түзүү сунушталды

Бүгүн, 20-июнда Бишкекте «Кыргызстанда кара түтүн менен күрөшүү артыкчылыгы-энергонатыйжалуулук фондунун түзүлүшү» аталышындагы тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чарага экологдор, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, эл аралык уюмдардын жана илимий изилдөө борборунун өкүлдөрү катышууда. Жыйындын жүрүшүндө абанын булганышына байланыштуу кырдаалды жакшыртуу үчүн «Энергонатыйжалуулук фондун» түзүү демилгеси көтөрүлдү.

«Бул ыкма көйгөйдү чечүүгө гана эмес туруктуу өнүгүү үчүн механизмдерди түзүүгө, жеке үй чараларында энергоэффективдүү чараларды ишке ашырууга жана Бишкек шаарында жылуулук берүү мезгилинде экологиялык коопсуздукуа көмөк көрсөтүүгө жардам берет», — деди эксперт Дарика Вильданова.

Белгилей кетсек, акыркы убакта жылытуу маалында Бишкек абасы кир аймактардын катарынан туруктуу орун алып калды. Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын алдыңкы бештигине кирген. Буга чейин ПРООН Финляндиянын метеорологиялык институтуна таянып Бишкектеги абанын кирдешине курамында күкүртү көп көмүрдүн колдонулушу себеп экенин кабарлаган.