Акыркы жумада өлкөдө 21 миң 839 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 233;

— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 228;

— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 59;

— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 641;

— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 5321;

— авто ээнбаштык — 5;

— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3609;

— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;

— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 ми741;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 640 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.