Экс-депутат Канатбек Исаев да кармалды

Массалык баш аламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-депутат Канатбек Исаев да кармалганы маалым болду.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров менен Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асановдун кармалышы тууралуу маалымат тараган.

Активист Атай Бейшенбек да эки суткага камакка алынганы белгилүү болду.

Мурдараак маалымдалгандай, Асия Сасыкбаева, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Эрлан Бекчороев, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жеенбеков, Чыңгыз Капар, Али Шабдан жана Рита Карасартова 48 саатка кармалган.