Камактагы укук коргоочу Рита Карасартова Садыр Жапаровго кайрылды

Камактагы укук коргоочу Рита Карасартова Садыр Жапаровго кайрылып, камакта орун калбай баратканын айтты.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге Президент жана мамлекет башчысы катары кайрылууну туура көрдүм. Биздин өлкөдө бир көйгөй бар, аны чоң көйгөй деп айтуу болбойт, бирок ошол нерсенин аркасы менен СИЗОдо камералар толуп кеткен. Маселе, жеңил кылмыш жасаган адамдар үй камагында жүрүп сот териштирүүгө катышса болот. Судья, үй камагына чыгарыш үчүн кылмышка шектүүнүн жашаган жеринен тастыктоочу справканы талап кылат. Ал справканы алыш үчүн айыпталуучу ЦОНго өзү барып алышы керек экен. Ал кантип ЦОНго барат, справка жоктугунан СИЗОдо отурса? Бул айлампаны чечип берүүңүздү суранам, антпесе СИЗОдо орун калбай баратат. Биздин камера 30м² – 10 адам жашайбыз”,-деп жазды Рита Карасартова.

Карасартова 2022-жылдын октябрына чейин камакта. Ал убакта аны менен кошо 30 чакты активист, саясатчы жана укук коргоочу Кемпир-Абад иши боюнча кармалган. 2-майда Бишкек шаардык соту анын абак мөөнөтүн 20-июнга чейин узарткан.