Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-майда «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» бейөкмөт уюмунун төрагасынын (мындан ары КОС жана КОГ) Instagram социалдык тармагындагы жеке аккаунтуна угуусу начар балдар учун адистештирилген No 21 мектеп-интернатына бомба коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Мекеменин бардык окуучулары жана кызматкерлери эвакуацияланган. Текшерүү учурунда интернаттан жардыруучу зат табылган эмес. Тергөөчүлөр жалган билдирүүнүн авторун табышты. Ал, аталган мектеп-интернаттын 22 жаштагы Ж.К.Р. аттуу тарбиялануучусу болуп чыкты.

“Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам КР мыйзамдарына ылайык жазага тартылат.

Ошол эле учурда КР УКМК мындай аракеттер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет, анткени, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык боло турган жарылуу, өрт коюу же башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү – беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат”- деп айтылат билдирүүдө.