Бишкектин чыга беришинде бүтүрүүчүлөр отурган алты унаа кармалды

Бишкектен чыга бериште инспекторлор тоо тарапка бара жаткан бүтүрүүчүлөр менен алты унааны кармашты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгиленгендей, айрым айдоочулардын айдоочулук күбөлүгү жок болуп, унаалар унаа токтотуучу жайга коюлган. Калгандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайра шаарга жөнөтүлгөн.

ГУОБДД бүгүн шаардын чыга беришинде посттор бар экенин эскертти. Буга чейин аталган башкармалык ата-энелерди балдарга унаа бербөөгө чакырган.