Жол кыймылынын башкы инспектору кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, пара талап кылуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты К.А.К. кармалды.

Такталгандай, 2023-жылдын 9-августунда Россия Федерациясынын жараны А.С.Е., жеке айдоочулук мектебинин инструктору менен практикалык айдоо сабагы учурунда, башкы инспектор К.А.К. тарабынан опузалап акча талап кылынган.

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизсиз айыптоо аркылуу, ошондой эле мүмкүнчүлүктөн ажыратам деп коркутуу жана айдоочулук күбөлүктү алууга тоскоолдук кылуу жолу менен, К.А.К. жабырланучуудан 10 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган. 2023-жылдын 24-августунда КР Кылмыш-Жаза кодексини 343-беренесинин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, мурда пара катары 10 000 сом өлчөмүндөгү алган акча каражатын кайра кайтарып берип жаткан учурунда ага инспектор К.А.К. кармалды жана КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда, бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат. Тергөө иштери жүрүп жатат.