Эгемендүүлүк күнүндө Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу 31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 17:00дөн 00:00гө чейин чектелет.

«Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат», — деп белгилешти муниципалитеттен.