Нарматова аскер кызматын өтөбөгөн жигиттер менен жаш кыздарга өлкөдөн чыгууга тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттер менен жаш кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууну сунуштоодо. Мындай демилгени ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаш, бышып жетиле элек жигиттер жаштайынан чет өлкөгө чыгып, кыйналып жатышат. Андан сырткары депутат кыргыз кыздары чет өлкөгө кетип, турмушун бузуп жатканын белгиледи.

“Алар адегенде өз жеринде кызмат өтөп, барган өлкөнүн мыйзамдарын үйрөнүп, бышып жетилсе, анан кетишсе жакшы болмок”, – дейт эл өкүлү.

Нарматова ошондой эле жаштардын башка өлкөлөргө иштегени кетип жатканына нааразычылыгын билдирип, Кыргызстанда миңдеген жумуш орундары бар экенин белгиледи.