Бишкектеги бардын жанында массалык мушташ чыкты

Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Пабло бардын жанында массалык мушташ чыкты. Видео социалдык тармактарга тарады.

Маалым болгондой, окуя 17-майда түнкү саат экиде болгон. Мушташтын катышуучуларынын биринде бычак болгон.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.