Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шек саналып кармалды

Дары-дармек каражаттарын каттоонун жана сертификациялоонун тартибин тездетилген тартипте өткөрүүдө туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу 24-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети нин басма сөз кызматы билдирди.

photo 5436099364943681058 w Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шек саналып кармалды

Мекеменин маалыматына ылайык, анын негизинде Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору “А.А.И.” пара алууга шек саналып кармалган. Шектүүгө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде камалган. Учурда карлаган адам УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилди.

Атайын кызмат дары-дармектерге иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлбөгөнү же формалдуу түрдө жүргүзүлгөнүн, бул сапаты сертификациялык талаптарга жооп бербеген медициналык буюмдарды каттоо коркунучун жаратканын белгилеген.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы буйругуна ылайык, Департаменттин директору болуп Айнура Абалиева дайындалган.