Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалганын кабарлады.

MyCollages 4 1 Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Маалыматка караганда, алар көп жылдар бою, Кытайдан жүк ташыган ишкерлер менен жарандардын товарларын тартып алуу менен алектенип келишкен.

MyCollages 5 1 Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды

УКМК тарабынан “Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, Бишкекте жана Чүйдө Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү «Алтуха», «Протез» жана «Кения» каймана аты менен белгилүү шектүүлөр кармалган. Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камакка киргизилди.

«Аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан болжол менен жалпы суммасы 385 миң доллар болгон эл керектөөчү товарды тартып алышканы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу атайын кызматка кабар берүүсүн суранат.