Депутат Адахан Мадумаров баңгизат сатуу жарнамалары жазылган имараттардын ээлерин жоопко тартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров баңгизат сатуу жарнамалары жазылган имараттардын кожоюндарын жоопко тартууну сунуштады.

Депутат Бишкекте баңгизаттардын жарнамасы илинбеген көчө калбаганын, бул чоң көйгөйгө айланганын белгилеп, ушундай жарнама илинген мекемелердин кожоюндарын жазага тартууну сунуштады.

“Сырттан келген конокторду көчөдө жетелеп жүргөндөн уяласың. Бардык эле жерде “гашиш, мефидрон” деп дареги менен илинип турат. Бул уят, терең көңүл бура турган маселе. Кимдин имаратынан, кимдин менчигинен чыккан болсо ошону катуу жазага тартса, ал күн-түн жоготуп тазалап турат”, – деди депутат.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш 24-майда Жарнама ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.