ВИДЕО: баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, оор кылмыш үчүн соттолгон жаран милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган. 2023-жылдын 30-июнунда болжол менен түнкү саат 20:00до Ысык-Ата районунда жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу мекемелердин бирине белгисиз адамдар тарабынан тосмодон уруксат берилбеген предметтер ыргытылган. Мекеменин ичиндеги тыюу салынган аймагынан 983 грамм 330 миллиграмм болгон гашиштин чайыры табылган.


Бул факты боюнча ушул жылдын июль айында Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.


Жогорудагылардын негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте жазаларды аткаруу тутумундагы мекемеге баңгизатты ыргыткандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталган. 26-август күнү кылмыш ишинин алкагында берилген тергөө тапшырмасына ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгына жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар жаран 2000-жылы туулган К.А. жеткирилген.


Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө байланышка соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран чыгып, маселени оң жагынан чечүү жана тууганын (баңгизатты ыргытууга шектелип кармалган жаран К.А.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуштаган.
2023-жылдын 26-август күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкеринин билдирмеси боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.


“Ушул эле күнү Бишкек шаарында жайгашкан кафелердин биринде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерине 150,000 сомду накталай берип жаткан жеринен ортомчулук кылган жаран 1990-жылы туулган Х.Д. кармалган.
Такталган маалымат боюнча пара берүүнү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран уюштурган.
Азыркы учурда башка ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууну уюштуруу жана Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин аймагына ыргытуу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

https://youtu.be/EVGd5nvT1z8

07472a15 61d0 43ff 9890 02f89754731a ВИДЕО: баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан
a795b69b e4b0 472e b059 29a248f2e375 ВИДЕО: баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан
afa03cdb 9972 457f 8292 ad1b8cdd3c3a ВИДЕО: баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан
b284bfb3 3c5e 4f2d 81c3 c9ea5f00380b 1 ВИДЕО: баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан
YouTube video