Соцмекемелерге Кара-Кечеден көмүр тартыла баштайт 

1-сентябрдан тарта «Кара-Кече» көмүр кенинен социалдык мекемелерге көмүр тартуу иштери башталат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалы тарабынан көмүр отунун казып, даярдоо иштери жүрүп жатат.

КРнын Президентинин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров көмүр казуунун абалын көрдү. Ал «Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Ашырбаев менен жеринде сүйлөшүп, шарты катаал Нарын облусун көмүр отуну менен биринчи камсыздап берүү, көмүр тарткан автоунааларды карьерге жумасына эки ирет кезексиз киргизүү жана башка өтүнүчтөрүн айтты.

Канатбек Ашырбаев билдиргендей, бүгүнкү күндө карьерде аталган ишкананын техникалары (85 хова, 17 эксковатор, 7 погрузчик, 2 бульдозер) тынымсыз иштеп жатат.