Үч кыргызстандык «Хизб-ут-Тахрир» уюмунан баш тартты

УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын активдүү мүчөлөрүн аныктоо боюнча иштер улантылууда.

УКМКдан билдиришкендей, бул багытта «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» эл аралык террористтик уюмунун жана «Жабхат ан-Нусра» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнө алар үчүн алдын алуу иш-чаралары көрүлгөн.

Буга байланыштуу, ушул жылдын 16-августунда Кыргызстандын жарандары «К.Х.Н.», «Р.К.Р», «М.Ф.М.» «ХТИ» «Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами» эл аралык террористтик уюмунун жана «Жабхат ан-Нусра» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсүнө, тыюу салынган идеологиядан баш тартуусу туралуу түшүндүрүү жана алдын алуу чаралары көрүлгөн.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө белгиленген адамдар аталган уюмдардын радикалдык-экстремисттик жана террористтик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, өз ыктыяры менен мүчөлүктөн баш тартышкан.