Көмүрдүн баасына убактылуу жөнгө салуу киргизилди, – Жапаров

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. 

Мындан улам жана “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизүү чечими кабыл алынды.

 Буга катар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.