Кыргызстандагы Түрк мекемелери ата-энесинен ажыраган балдардын көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүштү

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында иш алып барган түрк мекемелеринин салымы менен “Эне-бала мээрими” коомдук фондунун Балдар үйүндө жашаган ата-энесинен ажыраган балдардын көздөрү акысыз текшерилди жана аларга ар кандай белектер берилди.

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ахмет Садык Догандын жубайы Мария Доган баштаган Элчиликтин кеңешчилеринин жана дипломаттарынын жубайларынын, Бишкекте 4 жылдан бери иштеп келе жаткан Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасынын жана Кудрет көз офтальмологиялык клиникасынын көмөгү менен аталган клиникада балдар үчүн “акысыз көз текшерүү” иш-чарасы уюштурулду.

Мария Догандын социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы Маловодное айылындагы Балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдар Бишкекке алынып келинип, ооруканада адис дарыгерлердин көзөмөлүндө заманбап аппараттар менен көздөрүн текшерүүдөн өтүштү.

Көздөрүн текшерүүдөн өтүп жаткан балдарга дипломатиялык өкүлчүлүктө иштеген дипломаттардын жубайлары, ошондой эле Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасынын жана Кудрет көз офтальмологиялык клиникасынын айым кызматкерлери балдарга ар кандай белектерди тапшырышты.

– “Дос кыргыз эли үчүн маалыматтуулук жана аң-сезимдүүлүктү жаратууну аракет кылуудабыз”.

Мария Доган “Анадолу” маалыматтык агенттигине берген маалыматында, Маловодное айылындагы Балдар үйүндө жашаган 2-16 жаштагы 30 баланын жетилүүсүн кылдаттык менен көз салгандарын айтып, “Дос кыргыз эли үчүн маалыматтуулук жана аң-сезимдүүлүктү жаратууну аракет кылуудабыз”, – деди.

5ed2b8c9 01f7 4c70 bed3 bfc2b27db352 Кыргызстандагы Түрк мекемелери ата-энесинен ажыраган балдардын көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүштү

Социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында ата-энесинен ажыраган балдардын саламаттыгын текшерүүнү чечишкенин белгилеген Доган, балдардын Кудрет Көз офтальмологиялык клиникасынын жардамы менен медициналык көзөмөлдөн өтүшкөнүн жана Кыргыз-Түрк Достугу мамлекеттик ооруканасынын да буга колдоо көрсөткөнүн айтты.

Ошондой эле, Элчиликтин жамааты менен акча чогултушуп, Балдар үйүнө кир жуугуч машина, балдарга кышкы кийим жана көмүр алып беришкенин белгиледи.

 – “Жасаган кайрымдуулук менен катар мээримибизди жеткирүүнү кааладык”

Кыргыз-Түрк Достугу мамлекеттик ооруканасынын саламаттыкты сактоо кызматынын директору Фатма Өзкул оорукана тарабынан балдарга көрсөтүлгөн жардамда мээримибизди да жеткирүүнү каалашканын айтты. Балдарга керектүү кышкы бут кийим, тамак-аш жана тазалык буюмдары,  ошондой эле жашылча-жемиштерди жеткиргендерин айткан Өзкул, оорукана жана кызматкерлери тарабынан жардам берүү улантыла берилээрин билдирди.

Бишкектеги “Кудрет көз” офтальмологиялык клиникасынын директору Тугба Гүлтекин 4 жылдан бери Кыргызстан элине толук кандуу клиника катары кызмат кылып келе жатышканын белгилеп, “Балдардын көзүн акысыз текшерүү ишине колдоо көргөздүк”, – деди.

WhatsApp Image 2022 11 05 at 09.40.37 Кыргызстандагы Түрк мекемелери ата-энесинен ажыраган балдардын көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүштү

Гүлтекин Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин жубайы Мария Доган айымга жана бул иш-чараны уюштурууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

5db915f8 b901 47ef 8d0b f3622ea0a70c Кыргызстандагы Түрк мекемелери ата-энесинен ажыраган балдардын көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүштү
3243cc1f 7f3f 4415 b594 69a22acf61fe Кыргызстандагы Түрк мекемелери ата-энесинен ажыраган балдардын көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүштү
e21dbc4e 2e01 40f6 b7db 8417c6cc9e8b Кыргызстандагы Түрк мекемелери ата-энесинен ажыраган балдардын көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүштү
5be7e160 66e6 42dc a082 52b275896113 Кыргызстандагы Түрк мекемелери ата-энесинен ажыраган балдардын көзүн акысыз текшерүүдөн өткөрүштү