ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды

Бул туурасында ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылуусуна бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү жүргүздү.

Маалыматка караганда, баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын ири партияларын ташуу каналдарын жабуу боюнча биргелешкен баңгизатка каршы программанын алкагында ИИМдин БМЖКККнын, Тергөө кызматынын кызматкерлери УКМК менен бирдикте Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 1995-жылы туулган Т.Т., 1996-жылы туулган Ж.А.А. кармашкан. Кармоо учурунда алар активдүү каршылык көрсөтүп, жашынууга аракет кылышкан. Ушуга байланыштуу, аларды кармоо үчүн ок атуучу курал жана атайын каражаттар колдонулган. Кармалгандан кийин алардын унаасын тинтүү учурунда 18 таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылган.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө эл аралык баңги тобунун дагы бир мүчөсү 2003-жылы туулган О.Л.А. кармалган. Ал баңгизатты таңгактоо жана мессенджерлер аркылуу сатуу менен алектенип, Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жөнөтүп жүргөн.
“Андан ары ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган Т.Т.Т., 1996-жылы туулган Ж.А.А. материалдык пайда алуу максатында узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын сатуу үчүн чек арага чектеш өлкөлөргө ташуу жана эл аралык жөнөтүү менен активдүү алектенип келишкен. Ал эми, 2003-жылы туулган О.Л.А. көп убакыттан бери Россия Федерациясынын Волгоград шаарында баңгизатты белгилүү бир дарекке таштап кетүү менен алектенип жүргөн. Белгилей кетсек, жогоруда аталган баңги топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк кураторлор тарабынан мобилдик мессенджерлер аркылуу көзөмөлгө алынган.
Бул атайын операциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жана атайын кызматтын кызматкерлери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4,7 кг ашык «мефедрон» психотроптук затын табышкан”, – деп айтылат маалыматта.


Жогорудагы факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
Аталган жарандардан табылган «мефедрон» психотроптук заттын 28 миң даана дозасынын тарап кетүүсүнө бөгөт коюлду. Ошондой эле, алардын психотроптук затты мыйзамсыз жүргүртүүсүнөн алынган кирешеси 25 млн. 850 миң сомду түзмөк.
“Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана республиканын аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатты алып келүүчү каналдарды жабуу боюнча ведомстволор аралык кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деп белгилешти ИИМдин басма сөз кызматынан

b5bec5c1 7d8b 47d9 a58e 0e74407914f8 ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
c2436cb6 c3ed 4215 a620 c01ad08d439c ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
36ac5f14 923d 4872 8aa5 1535d1612e35 ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
c6f7afdf 2e4d 45eb 8ef7 898fc4374f15 ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
2cd89f84 1c68 4ec3 be7e a4bb3fc03f47 ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
54e00d6a cd37 49ea b85a f21203f4245e ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
5762cafe 6a55 408f 8765 377de0b31656 ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
f0f756fe 4d2d 4ec1 a6d5 d51969984883 1 ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
d9460c59 616b 492d 8c8f 6ec35144906b ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
69b1a895 c42f 4a7e 8819 aa7cc7b54239 ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды
b062e538 713e 4553 87e9 369e6b7c842b ВИДЕО: Эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 4,7 кг мефедрон менен кармалды