Аянтта элди чогултуп, “100 миң сом таратам” деген блогер айыпка жыгылды

Бишкетин Ала-Тоо аянтында “хайп” үчүн өзүнүн катталуучуларына 100 миң сом (1 140$) таратууну чечкен блогер жазаланды.

Блогер жубайы экөө “Ала-Тоо аянтына келгендерге акча таратабыз” деп, Тик Ток социалдык тармагынан видеокайрылуу жасашкан. Алар белгилеген убакытка 26-августта аянтка жүздөгөн адам чогулган.

Укук коргоо кызматкерлери блогерди кармап, милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Ал жерден мындай аракеттерди жасоого болбойт деп түшүндүрүшкөн. Коомдук иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылбаганы үчүн жаранга 7500 сом айып салынды.