Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерге токтотуп, кетип калган унаанын айдоочусу айыпка жыгылды

Жарандардын кайрылуусу боюнча Лексус-470 унаасы айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Чүй районунда белгисиз жаран Лексус үлгүсүндөгү унаасын жөө жарандар өтүүчү жерге токтотуп, кетип калган. Бул факты боюнча Чүй РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери ошол замат айдоочусун аныктап, унаасын текшерген учурда, унаанын буга чейин “Коопсуздук шаар” долбоорунун алкагында орнотулган камералар аркылуу аныкталган жол эрежелери үчүн салынган 90 миң 300 сом айып пулун төлөбөй жургөндүгү аныкталган.

Жыйынтыгында унаа айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү протоколдор толтурулган. Кийин айдоочу толук айып пулдарын төлөгөн.