Тоңдогу Көк-Мойнок-1 айылында 30 турак үйдүн короо-жайларын сел суулары каптады

27-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, болжол менен 30 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички жолдорду каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн 28-август күнү тазалоо иштерин жүргүзүүгө башкармалыктын полковник Р. Адульманов жетектеген 3 адамдан турган ыкчам топ, Балыкчы шаарынан 17, Тоң районунан 6, Ысык-Көл районунан 2 куткаруучу чыгышкан.

Мындан сырткары аныктоо иштерин аткарууга ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү жана тазалоо иштерине көзөмөлдөө департаментинен 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 42 адам чыкты.

Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга ӨКМден 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.