Сел жүргөн Түп районуна ӨКМ министри барды

Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптаган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка караганда, облуста жумушчу сапар менен жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышты.

«Жергиликтүү тургундар менен жолуккан министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрү тазалана турганын, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи. Ошондой эле аймактын эли Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар суроолоруна жооп ала алышты»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда жогорудагы айылдардагы турак үйдүн короо жана жер төлөсүн ӨКМдин куткаруучулары тазалоодо.

364800105 674394901399906 3374977457524187105 n Сел жүргөн Түп районуна ӨКМ министри барды
364798268 674394951399901 4927871382717620094 n Сел жүргөн Түп районуна ӨКМ министри барды