ВИДЕО: Орто-Токойдогу суунун азайышы соцтармакта кызуу талкуу жаратты

Орто-Токой суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 139,2 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Маалым болгондой, Чүй облусунда 320,9 гектар сугат жери, анын 272,7 миң гектары мамлекеттик системага, 48,1 миң гектары чарбалык системага туура келет.

Орто-Токойдо суу аз экени буга чейин да соцтармак колдонуучулары тарабынан катуу талкууларды жаратып келген. Окурмандардын айтымында суу сактагычтагы суу жыл сайын тартылып жатат.

Ал эми «Temirov LIVE» командасынын «Айт Айт Десе» аттуу каналына чыккан Орто-Токой суу сактагычынын соолуп баратканы тууралуу иликтөөсү талкуу жаратты.

YouTube video
ortoiarart ВИДЕО: Орто-Токойдогу суунун азайышы соцтармакта кызуу талкуу жаратты