Бишкектеги “Батуми” кафеси бузулуп, ордуна сквер курулат

Бишкек шаарында Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан “Батуми” кафеси бузулуп, ордуна сквер курулат.

Маалыматка караганда, кафе жайгашкан жер жеңил курулуш объектиси үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бирок, ижарачы жеңил конструкциянын ордуна капиталдык имарат курган. Унаа токтотуучу жайга ресторан курулган. Кафенин жалпы аянты 1300 квадрат метрди түзөт.

Бишкек шаардык мэриясы буга чейин дагы бир карнча мыйзамсыз курулуп жаткан объектилерди бузган.