Президент Садыр Жапаровду Москвага кимдер коштоп кетти?

Бүгүн, 24-майда президент Садыр Жапаров Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Орусияга учуп кетти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Жапаров 24-майда “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ал эми25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Президент менен бирге Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, юстиция министри Аяз Баетов, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы Самат Кулмамбетов жана экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев болуп кетишти.