Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыр тарткан ишкерлердин 15 миллион сому жоюлат

24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору кабыл алынды.

Тиешелүү мыйзам долбоору тууралуу жыйында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов баяндама жасады.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Минкаб “кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык, мурда бөлүнгөн 15 млн сом бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан. Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.