Кыргызстан менен Кытай биргелешип, 63 млн долларга эки сериал тартат

Кыргызстан жана Кытай 40 сериядан турган «Жибек жолунун алыскы шамалы» кино сериалын жана «Бишкектин сүйүүсү» аттуу эки фильм тартылат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы келишимде белгиленди.

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» ортосундагы “Жибек жолунун алыскы шамалы” биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга ылайык, фильмди тартууга 38 млн АКШ доллар бөлүнөт.

Ошондой эле «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен фильми тартылат. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.» ортосундагы «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — 25 млн АКШ доллары.

Сериал тартуу боюнча макулдашууга Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. кинокомпаниясы ортосунда макулдашууга кол койду. Долбоордун демилгечиси кытай тарап болуп саналат.