Базар-Коргон районунун акими болуп Мирлан Карагулов дайындалды

Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп Мирлан Карагулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, Карагулов Мирлан Кынатбекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Карагулов Тогуз-Торо районунун акими болуп иштеп келген.