Манас Мураталиев Тогуз-Торо районуна аким болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Мураталиев Манас Манапбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.

Мураталиев 1983-жылдын 25-январында Нарын шаарында туулган.

Бул кызматка келгенге чейин «Бишкек» эркин экономикалык аймагында директордун орун басары кызматын аркалаган.