Сот «Вечерний Бишкектин» Kaktus.media сайтына каршы доо арызды жарым-жартылай канааттандырды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» ЖАКтын Kaktus.media сайтына карата доо арызы боюнча соттук отурум аяктады. Анда «Вечерний Бишкек» ЖАКтын доо арызы жарым-жартылай канааттандырылды. Сот басылмадан 500 миң, журналисттер 500 миң сом өндүрүп алуу чечимин чыгарды.

«“Вечерний Бишкек” басма үйү» компаниясы Kaktus.media’нын үстүнөн даттанып, Биринчи май райондук сотуна арыз жазган.

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, басылманы сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон.