Минкабдын төрагасы мамлекеттик ишканалардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал Финансы министрлигинде жыйынында айтты.

 Жыйындын жүрүшүндө I жана II кварталда республикалык бюджеттин аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишмердүүлүгү талкууланды.

 Жыйындын соңунда Министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор үчүн бирдиктүү отчеттуулук формасын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле алардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.