Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 15-август күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында, Ош шаарынын тургуну 44 жаштагы “К.И.” аттуу жарандын башкаруусундагы “Mersedes-Benz” үлгүсүндөгү автоунаага карата кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, алдыңкы жүргүнчү отурган орундун алдынан баштыкка оролгон 2 даана зат алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган наркотикалык зат “Гашиш” болуп чыккан. Анын салмагы 1 кг 936,7 граммды түзгөн.
Кылмышка шектүүгө карата Кыргыз республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 282-берененин 1-бөлүгү менен (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 18-август күнү баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка калтырылган.
Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.
![1 4 Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 2 кг баңгизат менен жаран кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/1-4.jpeg)
![4 4 Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 2 кг баңгизат менен жаран кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/4-4.jpeg)