“Мендей «акмак» жоктур”: Азимбек Бекназаров уулу Русланга кат жазды

Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган саясатчы Азимбек Бекназаров уулу Руслан Бекназаровго Бишкек шаардык сотунун өкүмү чыкканына байланыштуу кат жолдоду.

Азимбек Бекназаровдун уулуна жазган катынын толук тексти:

«… Уулум уктум, үстүңдөн чыгарылган сот өкүмү күчүнө киргенин. Кейидим, өкүндүм, өзүмдү-өзүм жекирдим… Бир топ кыйнала түштүм… Камчы (Ташиев) үкөм мынчалык пас түшпөйт деп ойлогом.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Үзөңгү-Кууш деп Акаевге, Каркыра деп Бакиевге, Үңкүр-Тоо деп Атамбаевге, Кемпир-Абад деп Жапаров-Ташиевдерге душман көрүнүп, үй-бүлөсүн, жакындарын чейрек кылым азапка салып, эки уулун куугунтукка алдырткан, азыр да силерге жүгүмдү артып камакта жаткан мендей «акмак» жоктур деп өкүнө түштүм.

Менин айымдан сенин камаларыңды алдын ала айтышса да, «… камагыла» деп көгөргөнүмдү, камалганыңдан кийин да сен үчүн «соодалашпаганымды», соттолуп жатканыңда да атаң катары тирүү туруп, «эки инимден» суранып жардам бербегенимди эстеп, «эмне деген атасың» – деп өзүмдү-өзүм жекирдим!

Балам, «Кыргыз эли, кыргыз жери, анын кен-байлыктары» деп жүргөн, чейрек кылымдык атуулдук позициямды сен үчүн саясий соодага салгым келбеди. Өзүмчүлдүк кылдым. Ага өзүңдүн да темир тор артында туруп «Ата, мен үчүн саясий соодага барсаңыз, сизди кечирбейм» – деген сөзүң түрткү берди…

Азыр бүт тарабым цемент дубалда жатып, сенин жарык дүйнөгө келген күнүңдөн ушул күнгө чейинки тагдырыңды да эки күн бою эстедим:

— Мен Үзөнгү-Кууш үчүн камалганымда «эл баласы» аталып, эл менен кошо жүрүп, камалып жүргөнүңдү;

— Нечен жолу менин абалымдан иштеп жаткан кызматыңдан кеткениңди;

— Иниң Эрнис менин айымдан үй-бүлөсү менен качкын катары чет өлкөгө качууга аргасыз болгондо, апаңа кошулуп бир тууганың үчүн кыйналып жүргөнүңдү.

— 2010-жылдын 7-апрелинде сага атылган ок сага тийбей, жаныңда келе жаткан досуңа тийгенин;

— Апрель революциясынан кийин мурдагы ишиңе, УКМКга иште десе: «Ата, Бакиевдердин ордуна Бекназаровдор келип жатат деген сөз болот, эл тынчтанганга чейин элдик кошуун менен жүрөйүн» – деп, Бишкекте, анан июнь окуясында түштүктө жүргөнүңдү;

— Ошондо да айрым Өзбек сепаратисттерди колдошкон укук коргоочулар: «Бекназаровдун баласы автомат көтөрүп жүрөт».., «Ноокен РИИБнен автомат алды»… деп кылмыш иш козготууга жетишкенин.. айтор баарын-баарын эстедим… Кызыктуу жана кейиштүү өмүр баяның бар…

«Ата, сиз кызматта жүргөндө менде аяш ата, аяш балдарыңыз ушунчалык көбөйүшөт да, кызматтан кетээриңиз менен «Бекназаровдун баласы болуп жалгыз калам» – деп тамашага салганыңды дагы эстедим.

Ошондо мен сага: «Балам Бекназаровдун аялы, баласы, жакындары болуу өтө кыйын, көтөрө бил» – дедим эле.

Кечээ чыккан соттун өкүмүн да көтөрө бил. Бул соттун өкүмү эмес, мени дүжүр чалга айлантуу үчүн чгарылган саясий куугунтук актысы!

Сага мен айрым аяш аталарыңа окшоп балдарына бийлик, байлык бергендей, байлык, бийлик бере албадым. Себеби алар колдун кириндей!

Бирок мен сага атасын, элин уят кылбагандай билим, тарбия бергенге аракет кылдым. Байлыктын ордуна сергек жашоо, чың ден-соолукта болуп, ыймандуу болсо экен деп тиледим.

Ошону менен катар али тарыхтан так баасын ала элек, бир жагы сыймыктуу, бир жагы азаптуу, талаш-тартыштуу, досунан душманы, көрө албагандары көп «Бекназаров» деген фамилияны бердим. Муну да көтөрө бил!

Өзүң соттолуп, кыйналып жатсаң да душманга сыр бербей: «атам оорубаса экен, сынбаса экен» – деп Кудайдан тиленип, күн сайын кезектешип мага, СИЗОго оокат-аш, кийим-кече ташып жүрөсүңөр. Айрыкча мага «дачка» көтөрүп, СИЗОну сагалап жүргөн келиндеримди, неберелеримди элестетсем жүрөк сыздайт…!

Бирок, чыдабаганга арга жок! Бул күндөр да өтөт дейсиң! Ушул оор күндөрү жок дегенде өкүм чыккан күнү жаныңда турбаганыма өкүнөмүн.

Балам, башты бийик көтөр! Кайраттуу бол! Сен Бекназардын тукумусуң! Заманыңдын атуулу бол! Келечегиң алдыда! Апаңа жөлөк, инилериңе, балдарыңа баш, көз бол! Силерди сагынып, атаң Азимбек Кыргыз!

СИЗО-21, 12.07.2023-жыл».

Эскерте кетсек, быйыл 25-апрелде Биринчи май райондук соту Бекназаровду Кылмыш-жаза кодексинин 255-беренесинин 1-2-бөлүктөрү (Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар) боюнча актап, бирок 332-берененин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча күнөөлүү деп таап, бир жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда, сот Бекназаровду абактагы жазадан бошотуп, бир жылга пробациялык көзөмөл белгилеген.

Аталган чечим менен макул болбой Руслан Бекназаров Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 10-июлда шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип, кылмыш иши козголгон. Былтыр 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. 2-ноябрда Бекназаров Биринчи райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.