Азимбек Бекназаров ооруп калгандыктан сотко келген жок

Саясатчы Азимбек Бекназаров ооруп калгандыктан сотко келген жок. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Биринчи май райондук соту бүгүн, 14-августта Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын карашы керек болчу.

«Сотто айыпталгандардын бири Азимбек Бекназаровдун ооруп калганына байланыштуу жараянды анын катышуусуз өткөрүп-өткөрбөө тууралуу талаш болуп жатат. Кандай чечим чыгат билбейм, жактоочулардын баары камактагыларды бошотуу өтүнүчүн киргизип жатышат»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү 22-июнда башталган. Тергөөнүн материалдары жалпы 52 томдон турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.