Ысык-Көлдүн Тоң районунда жол кырсыкта сегиз киши каза болду

Ысык-Көлдүн Тоң районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.

Маалыматка караганда, кырсык, 14-августта катталган. Анда сегиз киши каза болгону, дагы алты киши жараат алып, Балыкчы ооруканасына жеткирилгени маалымдалат.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул боюнча тергөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилерин билдирди.