Азимбек Бекназаров 20-июнга чейин камакта калтырылды

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду эки айга камакта калтырды. Мындай чечим 17-апрелде Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Соттун чечими менен ал 20-июнга чейин камакта болот.

Бекназаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, тергөө жүрбөй жатканын айтты.