Токмоктун мэри Урмат Самаев кармалды

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупция иши боюнча кармалды. Бул тууралуу бир нече жергиликтүү ЖМКлар, УКМКдагы булактарына таянып, жазып чыгышты.

Алдын ала маалымат боюнча, Самаев «Токмок Жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупция иши боюнча кармалган.
Келтирилген зыян 130 млн сом деп бааланууда.

УКМКнын басма сөз кызматы азырынча расмий билдирүү жасай элек.