Кыргызстандыктар Орозо айтка байланыштуу үч күн эс алышат

Кыргызстандыктар Орозо айтка байланыштуу үч күн катары менен эс алат.

Муфтият Орозо айт майрамы 21-апрелде белгиленерин билдирди. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул күн Кыргызстанда дем алыш күн болот.

Орозо айт жума күнгө туш келгенине байланыштуу  кыргызстандыктар дүйшөмбүгө чейин эс алышат. Ал эми 29-апрель — ишемби иш күн болот.