ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды

Ар жыл сайын жайкысын балдар үчүн “Дзержинец” ден-соолукту чыңдоочу лагер өз эшигин ачат.

“Дзержинец” ден-соолук чыңдоочу лагеринде балдар үчүн эс алууну уюштуруу деңгээли жогору жана ал үчүн бардык шарттар эске алынган, – деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.


Быйыл да 2023-жылга карата “Джержинец” эс алуу борбору өз эшигин балдарга кенен ачты. Так ошол күнү балдарга кандай шарт түзүлгөндүгүнө байкоо жүргүзүү максатында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев толугу менен таанышып чыгышып, түзүлгөн шарттарга ыраазы болушту. Октябрь Урмамбетов “Джержинец” балдардын жана ИИМ ардагерлеринин эс алуусуна мындан ары да мыкты шарттар түзүлө тургандыгын белгиледи.
Бул жерде ар дайым максаттуу билим берүү иш-чараларынын программасы бар. Аталган лагердин башчысы милициянын отставкадагы полковниги Кадыр Өмүрканов маалымдагандай, Ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен быйыл капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. Бардык эс алуу корпустары, ашкана, жатакана, балдар эс ала турган жайлар, суу түтүктөрү, канализация толугу менен ремонттолуп чыкты, көлдүн жээгин чычырканактардан тазалап эс алуучу көл жээги толугу мене иретке келтирилди. Балдар менен иштей турган көзөмөлдөөчүлөрдүн корпусу толугу менен жаңыланды.


“Дзержинец” – бул көл, күн, пляж, көңүлдүү кеңешчилер, позитивдүүлүктүн массасы жана көптөгөн оюндар, сынактар, достор менен таанышуу. “Ар бир агым үчүн сууда сүзүү, жеңил атлетика, баскетбол, пионербол, волейбол, футбол, армрестлинг камтылган спартакиада өтөт. Бул дээрлик кичинекей олимпиада оюндары. Ал эми бөбөктөр үчүн жээкте кызыктуу көңүл ачуулар болот. Ошондой эле шахмат боюнча турнир жана кумда сүрөт тартуу сынактары өткөрүлүп турат. Мындан тышкары, кечинде алар үчүн ар кандай оюн-зоок иш-чараларды уюштурат. Аталган лагердин мугалимдер жамааты көп жылдардан бери өзгөрүлбөй, балдарга жакшы тааныш болуп калды.


Балдар менен иштей турган көзөмөлдөөчүлөрдүн корпусу толугу менен жаңыланды. Балдар келишээри менен биринчи кезекте салам айтып, бардыгын эски достордой кучактап кабыл алышат. Тарбиячы мугалимдер балдар үчүн чын жүрөктөн эс алуучу өспүрүмдөр жолугушуу үчүн Бишкектен бери тосуп алып, лагерге келишет. Алардын бардыгы бир чоң достук үй-бүлөгө окшош”,-дейт өз сөзүндө Кадыр Өмүрканов.


Лагердеги ар түрдүү мелдештер, сынактар-бул жөн гана мелдеш эмес, ошондой эле балдардын чыгармачылыгын ачууга мүмкүнчүлүк, ал эми чыгармачылыктын чеги жок. “Дзержинц” аймагында күнү-түнү медпункт иштейт, анда ИИМдин госпиталынын тажрыйбалуу адистери иштешет. Алар бардык зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болгон. Ашканада жогорку класстагы ашпозчу жардамчылары менен иштейт. Алардын кулинардык чеберчилиги дасторконго балдардын алдына түшөөрдөн мурда күн сайын тийиштүү адистер тарабынан текшерилип турат. Балдардын коопсуздугун атайын ыкчам жооп кайтаруу тобунун кызматкерлери жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары камсыз кылышат.
Негизинен быйыл жайда “Джержинец” эс алуу борборунда ИИМдин кызматкерлери, ардагерлер, лагердеги окуучулар үчүн абдан жакшы жана көңүлдүү эс алып кеткенге толугу менен шарттар түзүлгөндүгүн белгилейбиз.

ccfad125 6fb6 4422 b0d2 23da407e6354 ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды
27e14224 407e 42f4 b798 a0e54821cd1e ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды
887952d1 506b 4359 9933 e2fb8c12eb55 ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды
04d1f635 eee4 46da 8725 526e7fb429c9 ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды
4197413c f192 4e7f 8039 bd4d2f3ddc4e ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды
f3deb011 4a84 41d3 b086 ede22803c896 ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды
3f2a3288 9114 4c8d a635 b422520896b8 ИИМдин “Джержинец” эс алуу жайы балдарды кучак жайып тосуп алды

ИИМдин Басма сөз кызматы