Коргоо министрлиги жоокерлерге 9,3 млн сомго бут кийим сатып алат

Коргоо министрлиги жоокерлерге бийик кончтуу бут кийим сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, министрлик 3 миң 130 жуп бут кийимди 9 млн 390 миң сомго сатып алууну пландап жатат.

Тендер боюнча арыздар 6-июлга чейин кабыл алынат.

Бут кийим булгаарыдан кара түстө болушу керек.