Бишкектин төрт мектебине окуучулар бут кийимин чечүү эрежеси иштеп баштады

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акимчилигинин демилгеси менен №75, 78, 99, 101 мектептерде бут кийимди алмаштырып кире турган эреже иштеп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жаңы мектептерде бут кийим алмаштыруу эрежеси кандай иштеп жаткандыгы менен таанышты.

Мындай демилгенин максаты – ата-энелерге жардам берүү үчүн жаштайынан жүрүм-турум, тартип жана тыкандык маданиятын жайылтуу жана өзгөчө сыртта кир болуп жатканда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, бут кийимдерди коюу үчүн атайын шкафтар Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому (КОС жана КОГ) тарабынан жасалган.

xwhatsapp image 2023 01 16 at 09.35.08 Бишкектин төрт мектебине окуучулар бут кийимин чечүү эрежеси иштеп баштады

Буга чейин бул тажрыйба №81 мектептин башталгыч класстарында киргизилген. Мындай тажрыйба жакында Биринчи май районунун бардык мектептерине киргизилет.

Белгилей кетсек, буга чейин №97, 40, 84 мектептерде бут кийимдерди алмаштыруу эрежеси киргизилген.