“Бут кийимин чечпей тебелеп кирип, кыйратып койгонсуп…”: Депутаттарды сүрөтү кызуу талкууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Сүйүн Өмүрзаков менен алишер козуевдин сүрөт, социалдык тармактарда кыызуу талкуу жаратты. анда депутаттар бут кийимдерин чечпей отурганын көрүүгө болот.

” Биздин депутаттардын деңгээлин кара?”, -мындай пикирин жарандык активист Алмаз Темирбек социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

“Бирөөнүн үйүнө бут кийимин чечпей тебелеп кирип, кыйратып койгонсуп отурушканын. Деңгээли, маданияты жок көңдөйлөр. Эгер өздөрүнүн үйүнө бут кийимин чечпей кирсе, аялдары төбөгө койсо керек… Анан да кыйратып койгонсуп пиар үчүн сүрөткө тарттырып чыгарышты да…” деген ой-пикир калтырган.

Сүрөттө жергиликтүү кеңештеги шайлоо учурунда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын жетектеген, учурда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, ЖКнын депутаты Алишер Козуев, ИИМдин мурдагы орун басары, учурда Жогорку кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаковду көрүүгө болот.