Япониядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү митингге чыгышты

Япониядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Токиодогу Тажикстандын элчилигинин алдына тажик бийлигинен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды токтотууну талап кылышты.

Ушул эле күнү Чикаго шаарында да кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү митингге чыгышып, Тажикстанды “кан төгүүнү токтотууга” чакырышты.
Японияданы мекендештер, Тажик бийлигин айыптап, кол салууда каза болгон наристелердин сүрөттөрүн кармап, турушту.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан акыркы маалыматка ылайык,16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 59 адам мерт болду, 129 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.