Депутат Улан Бакасов чек ара аймактарынын тургундарына курал берүүнү сунуштады

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Баткен облусунун чек ара аймактарында калктын саны 132 миң адамды, кожолуктардын саны 26,4 миңди түзөт. Делимитацияланбаган мамлекеттик чек арадан улам жергиликтүү тургундар дайыма кол салуу коркунучунда турушат.

Ал Борбор Азия чөлкөмүндө эл аралык терроризм, экстремизм жана сепаратизм коркунучу бар деп эсептеп, Кыргызстандын коопсуздугунун абалы анын геосаясий абалы, глобалдык, аймактык жана ички абалы менен аныкталат деп эсептейт.

Улан Бакасов жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, жеке коопсуздугун камсыздоого көңүл бурууну сунуштайт.

«Карапайым калк кол салуулардын жана зордук-зомбулуктун объектиси болбошу керек. Чек ара аймактарында жашаган, өзгөчө статуска ээ болгон жарандар сырттан коркунуч жаралган учурда өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо үчүн курал колдонуу укугуна ээ болушу керек», — деди Улан Бакасов.

Депутат куралды 20 жашка чыккан жарандарга берүүнү сунуштоодо. Ошол эле учурда алар жергиликтүү укук коргоо органдарынан курал-жаракты сактоого жана алып жүрүүгө белгилүү бир мөөнөткө уруксат алышы керек.

Эске сала кетсек, буга чейин ушундай эле демилге менен депутат Жусупбек Коргонбай уулу чыккан.