Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды:
— 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
— 3 даана кол түтүн гранаталары;
— 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;
— 1 даана сигналдык патрон;
— 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
— 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
— 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
![15 50 03 1802109.443569e8c545aca8ac89e5040a9bc410.500 1 Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/15_50_03_1802109.443569e8c545aca8ac89e5040a9bc410.500-1.jpg)
![15 49 58 1802103.bcff88d74ac78cf0d79631cec14db7e5.500 Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/15_49_58_1802103.bcff88d74ac78cf0d79631cec14db7e5.500.jpg)