Эрдоган бир жыл бою элине бекер газ берет

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кара деңиздеги Сакария кенинде өндүрүш башталгандан кийин бир жыл ичинде өлкөнүн үй чарбаларын бекер газ менен камсыз кылам деп мекендештерине убада берди. Бул тууралуу Anadolu агенттиги жазып чыкты.

Тактап айтканда, бийлик бир жыл ичинде айына 25 куб метрге чейин ички керектөө үчүн күйүүчү май менен камсыз кылат. Тиешелүү билдирүүнү ал май айында өтө турган президенттик шайлоонун алдында жасады.

Түрк лидеринин айтымында, Кара деңиздеги жаратылыш газы Түркиянын күйүүчү майга болгон муктаждыгынын 30 пайызын жабат. Алгач суткалык газ өндүрүү 10 миллион куб метрге чейин болору күтүлүүдө, бирок 2026-жылга чейин аны 40 миллион метр кубга жеткирүү пландалууда.