УКМК: Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды, – видео

Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Кыргыз Республикасынын УКМКсы Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ЭТУнун жана ДЭУнун ишмердигине каршы жүргүзүлүп жаткан чаралардын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 37, 252-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган иштин алкагында, инженердик-сапердук топ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын 10-март күнү Ош шаарынын “Амир-Тимур” микрорайонунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылганы айтылат.
Жашыруун жайда, желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча – 1 даана, (9 мм), граната Ф1 – 1 даана, детонатор капсуласы – 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар – 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылып алынды.
Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды
“, – деп айтылат маалыматта.
Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 03 11 at 09.34.09 УКМК: Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды, - видео
WhatsApp Image 2023 03 11 at 09.34.09 1 УКМК: Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды, - видео
WhatsApp Image 2023 03 11 at 09.34.10 УКМК: Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды, - видео