Россия Федерациясынын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөп жүргөнү маалыматта айтылат.
К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Россия Федерациясынын ФСБсы аркылуу Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (Каракчылык), 209 (Бандитизм), 222 (Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн“, – деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык акчалай сыйлык үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.
Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 03 11 at 12.01.57 1 Россия Федерациясынын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
WhatsApp Image 2023 03 11 at 12.01.57 Россия Федерациясынын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды