«Манас» эл аралык аэропортунун ААКсы Кыргыз футбол союзунун расмий өнөктөшү болду

«Кыргыз футболдук союзу» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Манас» эл аралык аэропорту ачык акционердик коому 2023-жылдын 10-мартында тараптардын өз ара аракеттенүүсүнө багытталган кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.

Макулдашууга ылайык «МЭА» ААК Кыргыз футболдук союзуна демөөрчүлүк жардам көрсөтөт.
Келишим өз ара мамилелердин негизги принциптерин аныктап, ата мекендик футболдун өнүгүү кызыкчылыктарын колдойт.

Келишимге кол коюу мындан аркы кызматташтык жана жемиштүү иш үчүн негиз болот.